Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы Өзбекстан курамасын жеңип, Эл аралык Лиганын чемпиону аталды.
Оюндун жүрүшүндө Өзбекстан курамасынын оюнчулары татыктуу атаандаштыкты көрсөтүп, 1 улак таштоого жетишти.
Ал эми "Жети-Өгүздүн" улакчылары каршылаштардын тай казанына 3 ирет улак ташташты.
Эске салсак, бул жылы президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште жылдагыдан айырмаланып, Биринчи жана Жогорку Лигадан тышкары Эл аралык Лига да ачылган. Анын алкагында Өзбекстан жана Орусиядан командалар келип ат салышкан. Ошондой эле чүчү-кулактын негизинде Кыргыз өлкөсүнүн дагы 3 командасы чет элдик курамалар менен Эл аралык Лигада оюн өткөрүшкөн.