Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдештин финалдык баскычында Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасынын ортосундагы беттеш уланууда.
3-бөлүк башталары менен "Ынтымак" командасынын оюнчулары эсепти 6:0гө жеткирди. Муну менен "Ынтымак" командасы барган сайын жеңишке жакындап барууда.