ЭЛДИК КАБАР: "Мектепте 4800 сом айлык алып иштейм. Үй-бүлө багуу өтө эле оор болуп жатат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын тургуну кайрылды. Анда ал мектепте техникалык персонал кызматында эмгектенерин айтып, маянасы аз экендигин билдирди.

"Мен Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургунумун. Мектепте техникалык персонал кызматында иштейм. Биздин айыл бийик тоолуу аймак болгонуна карабастан айлык маянабыз 4 миң 800 сом. Бул айлык менен азыркы шартта үй-бүлө багуу өтө эле оор болуп жатат. Айлык маянага акча кошулабы? Тийиштүү мекемелерден жооп алып берүүңүздөрдү суранат элем", - деп кайрылды жергиликтүү тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Cholpon.93
2021-09-01 07:18:41
Мен да 4300сом алам врач терапевтмин
0
suban78
2021-09-01 09:56:32
Cholpon.93,Россиянын чет жактарында врачтар жетишпейт, Тюменде мисалы, айылдарында врачтарды колуна которуп эле багышат. Эки кабат уйлорду салып, биздин кыргыз врачтар жакшы жашайт. Эли да сыйлап турат
0
rysik79
2021-09-01 10:17:25
Cholpon.93,кайсы жерде ошончо алып иштейсиң?
0
suban78
2021-09-01 09:30:50
Даа... Москвада кээде эки саатта табасын мынча акчаны. Ото эле бечара мамлекет болуп калыппыз, алдыга онугуу деген вообше жок, куру эле онугуп жатабыз деп элди алдоо болуп жатат. 4800 сом бир айда ото эле жестоко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан