Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн болгон мелдеште Талас облусунун "Ынтымак" командасы чемпион болду. Алар финалдык беттеште Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасына каршы оюн өткөрүп, атаандаштарына эч мүмкүнчүлүк бербестен 7-0 эсебинде жеңип алды.
Ал эми аталган командага жеңиш алып келген улакты тай казанга Нуржан Мелисбек уулу (3 жолу), Нооруз Раатбек уулу (2 жолу), Аудасбек Мырзабек уулу жана Эламан Нурболот уулу салды.
Муну менен "Ынтымак" командасы президенттин Кубогуна удаасы менен экинчи ирет ээ болуп отурат. Эске салсак, алар былтыркы жылы өткөн президенттин Кубогуна болгон мелдеште да финалга чыгып, Оштун "Достук" командасын утуп алган.