Биз социалдык тармакта

Суусамырдан Бишкекке чуркап келген Кайрат Рапиевге белек тапшырылды

Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр өрөөнүнөн Бишкек шаарына чуркап чыккан Улуттук гвардиянын аскер кызматкери Кайрат Рапиев "Ала-Тоо" аянтына келди.

Анда Эгемендиктин 30 жылдыгына карата өтүп жаткан майрамдык иш-чарада Кайрат Рапиевге Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белектер тапшырылды. "Суусамырдан Бишкекке чуркап келген жигит "Ала-Тоо" аянтына келип калды. Белектерибизди тапшырып коёлу", - деди Айбек Жунушалиев.

Эске салсак, Кайрат Рапиев кечээ, 30-августта Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесинин урматына Чүй облусундагы Суусамыр өрөөнүнөн борбор калааны көздөй марафонго чыккан. Ал 164 чакырымдык аралыкты 30 саатта басып өтүүнү көздөп жатканы айтылган. Ал бүгүн Бишкекке келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан