Спортчу Айсулуу Тыныбекова "Мекеним сага келдим" аттуу ырын окуп, кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу видеону ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу кыргыз эли! Бүгүнкү өлкөнүн Эгемендүүлүгүнө 30 жыл толушу менен чын дилимден куттуктайм! Өнүксүн өлкөм, жашасын Кыргыз мамлекети", - деп жазды ал.