Ырчы Анжелика өзүнүн Инстаграм баракчасына Эгемендүүлүк күнүндө сыйлык алган кесиптештерин куттуктоо менен бирге, өзүнө карата бут тосуулар болуп жатканын жазып чыкты.
"Өз жеримден болбосо дагы бөтөн жерден Ата-Түрк төш белгисин (беш жыл мурун), ыраазычылык кат, диплом, грамоталарды алып келем.
Быйыл чынында мага бут тосуулар көп болуп жатат. Бирок, мен жок дегенде грамота үмүт кылдым эле. Демек, дагы иштешим керек, аракет кылышым керек. Ар бир сыйлык алган мыктыларды чын жүрөгүм менен куттуктайм. Эл артистин алгандар мурун эле бул сыйлыкты алыш керек болчу, ал эми Эмгек сиңирген артистин алган сыйлык ээлери он жыл мурун эле алышы керек эле. Мен келерки он жылда эмгек өтөп, балким, жетсем, уялбай алгандай болом.
Чын ниеттен талпынып иштей берели. Эң негизгиси - Аллах Тааламдын колдоосу, элимдин батасы, байкоосу", - деп жазган ал.
Айта кетсек, Анжелика 31-августта Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына карата Түркиянын Алания шаарында өткөн концерттик иш-чарага катышты.