Акматбек Султан уулу жашып, Айбек Калиев сооротуп... Айтыштагы кызыктар сүрөттөрдө

Байыртан сөз багып, сөзгө терең маани берип келген кыргыз үчүн айтыш бул чоң майрам. Кечээ, 31-августта борбор каалабыздагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бир катар мааракеге арналган 14-Эл аралык кыргыз-казак айтышынын финалы орун алды.

Айтышка болгон билеттер 15-августка чейин эле филармониянын кассасында калбай калганын залда отурган көрүүчүлөр айтып отурушту. Бирок айтыш алдында эшик оозунда жүргөн эжелер буга чейин кассада 500 сомдон сатылган билеттерди 1 миң 200 сомдон сунуштап жүрүштү. Өнөр сүйгөн эл акчасын аябай сатып алып жатты. Залдын ичи толугу менен толду.

Бул ирет да калыстар тобунда Түгөлбай Казаков, Бактыгүл Чотурова, Назира Аалы кызы жана башка аттуу-баштуу белгилүүлөр болсо, ал эми көрүүчүлөрдүн арасында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, депутаттар Алтынбек Сулайманов, Кайрат Иманалиев отурду.

Финалга кыргыз акындарынан Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, Кубат Тукешов жана Турат Жумаев чыкса, казак акындарынан Бөрүбай Орозымбетов, Айбек Калиев, Аспанбек Шугатай, Нурмат Мансуров чыккан.

Чүчү-кулак тартылып, алгачкы жуп болуп Кубат Тукешов менен Нурмат Мансуров чыкты. Эки акын эки элдин достугун, жетишкендиктерин ырдашты. Сөз арасында Кубат Тукешов кыргыздар казактарга сууну бекер берсе да, казактар мунайды бизге бербегенин айтып өттү. Бул учурда маркум Элмирбек Иманалиевдин "Талааны берген казакка, мунайга жакын болсун деп тоону берген кыргызга, Кудайга жакын болсун деп" деген саптары эске түштү.


Экинчи жуп болуп президенттин Ардак грамотасын алган Асылбек Маратов менен Бөрүбай Орозымбетов чыкты. Достук, өнөр, өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, айтылуу акын Жеңижок, Жамбыл тууралуу сөз болуп өттү.

Ал эми үчүнчү жуп болуп айтыштын биринчи күнүндө элди кыраан күлкүгө бөлөп, мыкты маанай тартуулаган Аспанбек Шугатай менен Акматбек Султан уулу кез келди. Кыргыз акыны устатын эстеп бир аз жашып алса, казак акыны улам-улам чайдан ууртап кубат алып, сабалап ырдап жатты.

Төртүнчү жуп болуп Турат Жумаев менен Айбек Калиев чыкты. Бул жуп дагы тарыхтан, өткөн күндөрдөн, тил тууралуу айтыш курушту.

Калыстардын чечими менен Айбек Калиев, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу жана Аспанбек Шугатай баш байге үчүн айтышмай болушту.

Асылбек Маратов менен Аспанбек Шугатай кез келип, элге мыкты маанай тартуулашты. Алар "Дордой" базарынан баштап казак акыны кийген үкү топуга чейин кеп кылышты. Ал эми Акматбек Султан уулу менен Айбек Калиев ата-баладай айтыш курушту. Жыйынтыгында казак акыны Жеңижоктун ырлар жыйнагын казак тилинде китеп кылып чыгармай болду.

Баш байге:

Асылбек Маратов - Айбек Калиев.

1-орун

Акматбек Султан уул - Аспанбек Шугатай.

2-орун

Нурмат Мансуров - Турат Жумаев.

3-орун

Кубат Тукешов - Бөрүбай Орозымбетов.

Мындан тышкары айтышка катышкан бардык акындарга кызыктыруучу акчалай байгелер жана салтка айланып калган улуу залкар төкмөлөрдүн атындагы сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле алгачкы ирет Элмирбек Иманалиев атындагы сыйлык казак акыны Айбек Калиевге ыйгарылды. Сөз алган казак акыны өзүнүн домбрасын акын Баян Акматовго белекке ыйгарды.

3 миллион байге коюлган кыргыз-казак айтышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sirgak_92
2021-09-01 11:33:09
Качан болсо казактарга баш байгени карматып койуп отурасынар.Казактарга барса грамота берет болгону.
+4
Mister-XXX
2021-09-01 19:17:01
sirgak_92,Баш байге кыргызга да,казакка да тийди.
-1
Asmat84
2021-09-02 00:08:04
Мирлан Самыйкожону айтыштан кетирмейинче кыргыз акындары өйдөлөнбөйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан