ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыядагы Асаналиев көчөсү баш аламан, айдоочулар жол чыракка карабайт" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал айдоочулар жол эрежелерин сактабаганын, ошол эле учурда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ишине нааразы экендигин билдирди.

"Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иштебейт. Шаардын чок ортосунда жайгашкан Асаналиев көчөсү баш аламан, айдоочулар жол чыракка карабайт. Жолдун каршы тилкесинде айдайт. Жолго автоунааларды токтотуп коюшат", - деп кайрылды жергиликтүү тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Кызыл-Кыядагы Асаналиев көчөсү баш аламан, айдоочулар жол чыракка карабайт" дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан