Бишкек шаарындагы Энергетиктер шаарчасындагы батирден адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, 31-август күнү Энергетиктер шаарчасында батирдин эшигин ачып берүү тууралуу кайрылуу түшүп, куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен эшикти ачып беришти. Батирдин ичинен 1961-жылы туулган Ш.В.Н. аттуу жарандын жансыз денеси табылды", - деп билдиришти ӨКМдан.