Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 1985-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында 1985-жылы туулган С.Д. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:10дө Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 суучул жана 1 офицер тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат билдирүүдө.