Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү тургунду бычактап өлтүргөнгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-ноябрда билдирет.
Түп районунун ички иштер бөлүмүнө 2013-жылдын 3-ноябрында билдирүү келип түшкөн. Анда 3-ноябрда Түп айылынын 42 жаштагы тургуну Майрам С. аттуу аялдын үйүнө болжол менен саат 16:35терде Максат аттуу адам келип, ичкилик ичишкен соң чатак чыгып, аял үйдөн качып чыгарда тигил адам аны бычак менен ичке сайганы айтылган.
Жабыркаган аял "Тез жардам" менен райондук ооруканага жеткирилген, бирок акыл-эсине келбестен операция столунда каза тапкан. Милиция тарабынан бул кылмышка шектүү делинип Түп районунун Чоң-Таш айылынын 48 жаштагы жашоочусу Максат Т. кармалып, ал кылмышын мойнуна алган. Жана андан кандын тактары калган бычак алынган. Кармалган адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.