Биз социалдык тармакта

Эгемендүүлүк майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан төрт тонна таштанды чыгарылды

Кечээ, 31-августта Эгемендүүлүк майрамынан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан төрт тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бул жылы аянтка шаар тургундары атайын уюштурулган концерт жана майрамдык салют көргөнү келишти.

"Жалпысынан 8 бирдик атайын техника тартылган. Анын ичинде 5 таштанды жыйноочу жана 3 сугаруучу унаа. Таң аткандан баштап "Тазалык" ишканасынын 60 кызматкери майрамда үзгүлтүксүз нөөмөттө болушту. Тазалоо иштери түнкү саат 02:00гө чейин созулду", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан