Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Анда төрага Талант Мамытов бардык депутаттар менен аманчылыкта жолугуп жатканына кубанычта экенин айтты.
"Бардыгыңыздарды саламатта көрүүгө кубанычтамын. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы өттү. Эгемендүүлүк чоң дөөлөт. Ошол чоң дөөлөттү сактап, кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз", - деди ал.
Ошону менен катар эле төрага комитеттердин жана фракциялардын жыйындары бүгүнкү күндөн тарта өтүп баштай турганын белгиледи.