Биз социалдык тармакта

Эмне үчүн СССР урагандан кийин завод-фабрикалар жок болуп кеткен? Аскар Акаевдин жообу

Орусиялык блогер Илья Варламов Кыргыз өлкөсү тууралуу "СССРсиз 30 жыл" аталышындагы видео тасмасын жарыялады. 2 саатка созулган тасмада ал Кыргыз мамлекети Советтер союзунун курамынан чыгып, көз карандысыздык алгандан берки 30 жыл аралыгындагы өлкөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу баяндаган.

Блогер СССРдин мезгилинде курулган, бирок көз карандысыздык алган соң ишин токтотуп, имараттары кыйраган завод-фабрикаларга кеңири токтолгон. Алардын ичинен бир кезде чөп түктөөчү техникаларды чыгарып, башка мамлекеттерге таратып турган Бишкектеги Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунун учурдагы бузулган абалын көрсөткөн.

Ошондой эле ал заводдордун бардыгы туңгуч президент Аскар Акаевдин убагында иштен чыкканын баса белгилеп, мунун себебин билүү үчүн Аскар Акаевге суроо узаткан.

Ал эми Аскар Акаев буга "1990-1991-жылдары биздин бардык өнөр-жай ишканаларыбыз ишин токтотту. Себеби аларга эч кандай буйрутма келбей калды. Биздин компаниялар өндүргөн продукцияларга эч ким муктаж болбой калган. Буйрутма түшпөсө айлык-акы болбойт. Ал эми айлык жок болсо алардын кимге кереги бар? Эмне кылмакпыз? Кантип сактап калат элек? Аларды эч ким сактап кала алган жок.

Андай өнөр-жайлар жеке эле бизде эмес башкаларда да кыйрады. Орусияда, Украинада жана башка бардык жерде. Эч ким аларды сактап кала албады", - деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
surgeon777
2021-09-01 12:24:20
Беларуссия баардык ишканаларды сактап калышкан,бир дагы завод-фабрика менчикке кеткен эмес,сактагысы келген адам сактап калмак, окмоттун балансына откоруп коймок,кол тийгис кылып...
+11
Tursunbaev1978
2021-09-01 12:40:25
Сатып жеп койгомун десе болмок
+8
Tyty1990
2021-09-01 12:59:14
Шакал мага койсо ушу Акаевди союп салмакмын.
+5
nazira...
2021-09-01 13:20:16
Кыргызстанды башындай таз кылып жеп качып кеттин, жөн отурбай дагы мынтип сүйлөгөнүн. Ошончо жеп эмнең ашыкча болду, башыңа чач чыгып кеттиби же. Ошол эле бойдон жүрөсүн го, тантып калыпсын наборот. Сыйлачу элем келип кетип анан мынтип сүйлөгөндөн кийин сыйы да өлдү.
+4
IOA
2021-09-01 13:35:40
Акайчик олкону сазга тыктын
+3
Dembele84
2021-09-01 13:40:04
Буюртма тушпой калса жон эле ишин токтотуп турса болбойбу,обязательно сатыш керекпи?Же ошолорду саткандан кийин онугуп кетсек мейли.Бардыгын байларга менчиктештирип берип,алар болушунча талкалап сатып,казынага тушпой сол чонтоко тушуп,бир жолу сазга батып калдык.Чыдап турса кийин деле иштетсе болмок!
+4
Antiradikal3
2021-09-01 17:11:14
90-жж кризис бардык эле постсоветтик олколордо болду, бир гана Кыргызстанда эмес. Бирок копчулук олко жетекчилери ошол завод-фабрикаларды сактап калышып, убакыттын отушу менен ошол завод-фабрикалар модернизациядан отуп, бугунку кундо ийгиликтуу иштеп жатат. Мисалы ошол эле Белоруссия, Азербайджан, Озбекистан, Россия, Казахстанда.

Акаев бутундой эл чарбасын талкалады, рынок экономикасвна отомун деп еарейлерге кулак тошоп отуруп. Кыргызстанды талкалаганы аздай, коррупцияга жол салды.
0
Asmat84
2021-09-02 00:04:48
Кыргыз өлкөсүнүн номер биринчи душманы ким десе Аскар Акаев деп жооп берер элем. Акайчиктин ордуна башка адам келгенде мынчалык Кыргызстан сазга батпайт эле. Ушунча элди кыйнаган акайчик бул дүйнөдө болбосо да аркы дүйнөдө адилеттүү жооп бересиң сука
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан