Буга чейин 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, рекорд койгон.
Бүгүн, 1-сентябрь күнү аталган иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу максатында маалымат жыйын өтүүдө. Анда суучул Шулико жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан берилген суроого жооп берип жатып, Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө өмүр бою даярданганын билдирди.
"Мен 1 жыл же айлар бою даярданып машыктым деп айтпайм. Өмүр бою даярдандым десем туура болот го", - деп билдирди ал.
Ошондой эле бул масштабдуу иш-чарадан кийин Владислав Шуликого эл тарабынан Баатырбек деген каймана ат берилгени белгилүү болду.
Маалымат жыйындын соңунда спортчу аны колдогон кыргыз элине, демөөрчүлөргө, апасына, өлкө башчыга ыраазычылыгын билдирди.