Биз социалдык тармакта

Кол төштө болушу керекпи же фуражкадабы? Ташиев, Зулушев, Ниязбековдун талкууга түшкөн сүрөтүнө УКМКдан жооп

Кечээ, 31-август күнү Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн парадда ички иштер министри Улан Ниязбековдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сүрөтү талкуу жараткан.

Анда Кыргыз Республикасынын гимни болуп жатканда жогоруда аты аталган адамдар колдорун ар кандай абалда алып турганы талкуу жараткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай варианттарды айтышкан. Айрымдар устав боюнча, аскер адамы гимн жаңырганда иш-чара, парадда болсо колду фуражкага алуу керек болчу дешип, ага далил катары деген сүрөттөр менен бөлүшүүдө. Ошол эле учурда бул көрүнүш деле туура дегендер да бар.

Буга байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Мамлекеттик символдор жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик гимн расмий түрдө аткарылган учурда катышуучулардын баары оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат, муну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да аткарган. Белгилей кетсек, Ташиев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин арасында болгонун жана чакырылган ардактуу коноктор, өлкөнүн гимни ойногондо шарттуу түзүлүшүндө болгон.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ички кызматынын уставына ылайык, мамлекеттик гимн жаңырганда, катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат. Камчыбек Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан, гимн жаңырган учурда оң колун сол жагына койгон. Бирок салтанаттуу экипаждар командирге ылайыктуу түрдө салтанаттуу марштын астына киргенде Ташиев ордунан туруп, отургандардан бир кадам алдыга жылып, баш кийимге колу менен өткөн салтанаттуу эсептөөлөрдү тосуп алды. Ошол кырдаалга таянып, Камчыбек Ташиев бир эле учурда жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган.

Ташиевдин негизсиз сынына кызыкдар адамдар, бул жагдайды түшүнүүгө жана тереңирээк изилдөөгө, татыктуу жана акылга сыйбаган сынга жол бербөөгө чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2021-09-01 13:34:31
Чукумай в силе!
+5
Omyke
2021-09-01 13:43:23
Генералы с воздуха
+5
talas0707
2021-09-01 13:50:46
Башка койгой толтура го дейм. Бойроктон шыйрак чыгарып.
+3
Antiradikal3
2021-09-01 17:07:16
УКМК "колхоздун" артын тазалап чарчабады.....
+2
Katrina.
2021-09-01 18:09:22
Кичине болсо да тренировка кылып койсо жаман болбосо керек, Шойгуну карагыла саландаган ичи жок,биздикилерден жашы чон болсо керек.Тренировка ден соолука да пайда.
+2
Nina.alex
2021-09-01 19:45:11
Негизи устав менен иш кылыш керек. Анткен минткен деп детсад боло бербей
+2
Alixan-Nookat.2015
2021-09-01 20:46:36
Аскер кызматкери көкүрөкө койбойт честь берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан