"Токио-2020": Паралимпиадалык оюндарында 16 кишиден Covid-19 илдети аныкталганы жарыяланды

Паралимпиадалык оюндарында 16 кишиден Covid-19 илдети аныкталганы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылкы Токио Паралимпиадалык оюндарында 16 кишиден Covid-19 илдети аныкталып, аккредитацияланган адамдардан коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 257ге жеткени кабарланган. Вируска чалдыккандардын арасында турнирге катышкан эки спортчу, комитеттин бир мүчөсү, 10 кызматкер жана бир медиа мүчөсү бар. Учурда алар карантинге алынды.

Эскерте кетсек, 160 өлкөдөн жана аймактан болжол менен 4 400 спортчу 22 спорттун түрүндө мелдешүүдө. "Токио-2020" Паралимпиадалык оюндары 5-сентябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан