Бүгүн, 1-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин алдыдагы оюндарга карата маалымат жыйын берди.
Маалымат жыйында SUPER.KG порталы башкы машыктыруучуга "Азамат Байматов Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнундагы ийгиликсиз жыйынтыктан кийин эч ким өзүнө жоопкерчилик албаганын, кыргыз футболун акырындап жаңыртуу керек экенин айтты. Буга кандай жооп берет элеңиз?" деген суроо берди.
"Мен анын ызасы боюнча комментарий бергим келбейт. Фактылар жана чындык жок. Бул анын жеке пикири. Азыр ар ким өз пикирин айта алат жана бул нормалдуу деп эсептелинет. Бул жерде логикалык позиция жок. Биздин учурдун эң чоң көйгөйлөрүнүн бири бул көп "мотивацияланган" жана квалификациясы төмөн адамдар", - деп жооп берди Крестинин.
Буга чейин футболчу Азамат Байматов кыргыз футболу өтө төмөн деңгээлге жеткенин, 30 жылдан бери футболдо эч кандай сыймыктана турган нерсе жок экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.