Инстаграм колдонуучуларды туулган датасын көрсөтүүгө милдеттендирет

Инстаграм тиркемесинин колдонуучулары аккаунтуна туулган күнү тууралуу маалыматтарын киргизиши керек болот. Бул социалдык тиркемедеги өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн керек. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Белгиленгендей, буга чейин туулган датасын көрсөтпөгөн колдонуучулар гана өзгөрүүлөрдү байкашат. Эми алар колдонмого киргенде, бул маалыматты өз эсебине кошуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрдү алышат. Эгерде колдонуучу өтүнүчтөрдү этибарга албаса, анда ал өз аккаунтуна кире албайт.

"Бул маалымат жаштарды коргоо үчүн иштеп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн керек", - деп белгиленет Фейсбук компаниясында.

Жаш курагынын көрсөткүчү жашы жете электерди сезимтал мазмундан коргоого жардам берет. Мындан тышкары, туулган датасы максаттуу жарнактарды жакшыртканга жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-09-01 20:03:08
Жаштар жашын чоңойтуп алып кире беретта.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан