"Муунтуп, сабай баштаган". Ысык-Көлдө таксист өлүмдөн аман калды

Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Түп РИИБине Каракол шаарынын 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, эки белгисиз адам күч колдонуу менен унаасын тартып алууга аракет көрүшкөндүгүн билдирген.

"Жабырлануучунун айтымында, ал өзүнүн жеӊил унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып иштейт. Күндөрдүн биринде кечке маал Каракол шаарынан болжол менен 20-25 курактагы эки белгисиз жигит анын унаасына отуруп, Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан дачага жеткирүүнү суранышкан.

Түп районунун Михайловка айылына жетип калганда, арткы отургучта отурган балдардын бири айдоочунун моюнуна жипти сала коюп муунтуп киргенде, экинчиси кабыргасы жана бөйрөк тушка колу менен ургулай баштаган. Айдоочу күч менен муунтуп жаткан жиптен бошонуп, унаасын токтоткондо балдар сыртка качып чыгып, из жашырып кетишкен", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-беренеси "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Аталган кылмыштын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында тийиштүү тергөө ыкчам иштери колго алынып, эки сааттын аралыгында кылмышка шектүү болгон 2 жаран Бишкек шаарына жол тосуп качып бара жаткан жеринен кармалышкан. Алар Бишкек шаарынын 20 жаштагы М.А. аттуу жана жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы А.У. аттуу тургундары болуп чыгышкан. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта шектүү катары милицияга алып келингендер күнөөлөрүн моюндарына алышкан", - деп кошумчалашты милициядан.

Кармалган жарандар Түп райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zumrudianka
2021-09-01 16:38:25
Туру сууктар окшошко бири бирине.
+7
nura74
2021-09-01 16:47:35
Zumrudianka,Тооба,акмактар.Мен туру сууктар деп жазайын десем уже жазып коюпсунар.Колдорунан жакшылык келбегендерди жер эне которот да дагы
+7
Aimani
2021-09-01 18:02:49
Тыржыйып алышып,колунан келбегенден кийин кысып эле журушпойбу.
+5
Nina.alex
2021-09-02 12:31:56
Aimani,колунан келсе олтуро бер дегенинби ошондо
+1
Jibani
2021-09-01 21:51:36
Кудаай мурда улууларга кол котормок тугул ойдо Карагандан коркчубуз деп айтып калышат го Ата энелерибиз
+2
Bermet068
2021-09-01 21:51:42
Атасындай болгон кишиге кол салган акмактар.
+3
VENOM
2021-09-02 01:13:15
Баштары бир формада экен гуманоидтер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан