Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсүнөн жөө адамды тебелеп, андан соң кафени сүзүп токтогон Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдын ала маалымат боюнча мас болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, 31-август күнү Бишкек шаарынын 23 жаштагы А.А. аттуу айдоочусу унаасы менен Юнусалиев көчөсү менен бара жатып №127 үйдүн тушунан оңго бурулуп, атайын унаа токтотуучу жайга токтоп жатып, унаасын башкара албай тротуарда турган адамды сүзүп кеткен. Андан соң ошол жердеги тамактануучу жайды сүзүп токтогон.
"Натыйжада 39 жаштагы Ч.И. аттуу жөө адам №4 Бишкек шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, айдоочу менен жөө жүргүнчү экөө тең мас абалда болгон.
Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган иш кагаздар Бишкек ШИИББи боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - дешти башкармалыктан.