Садыр Жапаров менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Тажикстанда өтө турган саммит тууралуу талкуулашты

Бүгүн, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Засьты кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тараптар уюм алкагында өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Дүйшөмбү шаарында өтө турган уюмдун саммитин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети аталган уюмдун алкагында ага мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкка чөлкөмдөгү коопсуздуктун гаранты катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, Уюм жоопкерчилигинин аймагындагы коркунуч деңгээлинин өсүшү тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Тобокелдиктерди нейтралдаштырууга жана зарыл болгон учурда ыкчам реакция кылуу даярдыгынын жогорку деңгээлин кармап туруу зарыл.

Өз кезегинде Станислав Зась Садыр Жапаров менен жолугушууну канааттануу менен белгилеп, анын Борбордук Азия регионундагы кырдаалга байланыштуу зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан