"Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Ансу Фати клубда атактуу футболчу Лионель Месси ойногон 10-номерди алат. Бул тууралуу каталондук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2008-жылдан бери "Барселонадагы" 10-номер Лионель Мессиге таандык болгон. Буга чейин Диего Марадона, Христо Стойчков, ошондой эле легендарлуу бразилиялык футболчулар: Роналдиньо, Ривалдо жана Ромарио "Барселона" клубунда 10-номерде ойношкон.
18 жаштагы Ансу Фати "Барселона" клубунун тарбиялануучусу. Өткөн сезондо ал бардык турнирлерде 10 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизип, 4 жолу голдук пас чыгарып берген.