Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери Баткенде кыргыз-тажик чек арасы аркылуу контрабандалык жүк ташыган жарандарды кармоо үчүн ок чыгарууга аргасыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя Баткен районунун Дахана аймагында болду. Анда Hyundai Porter унаасы менен тажик тараптан мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан үч Кыргыз жараны кармалды.
“Алар чек ара кызматкерлерин көргөндө качууга аракет кылышкан. Чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болгондо унаа токтогон. Унаага кароо жүргүзүү учурунда ичинде курулуш материалдары жүктөлгөнү, бирок жүктөрдүн документтери жок экени аныкталган.
Мындан сырткары, кечээ 31-августта Баткен районунун Ганжак аймагында да Тажикстандан ташылып келе жаткан 3 миң 650 килограммдык мыйзамсыз жүк кармалган. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, эки күндө кармалган жүктүн жалпы баасы 660 миң сомду түзөт", - деп билдиришти чек ара кызматынан.
Ошондой эле кармалган жарандар жана жүктөргө керектүү документтер толтурулгандан кийин тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.