Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында өткөн ат оюндарынын байге фондуна бөлүндү делген 500 миң сомдун 200 миңи көк бөрү мелдешине, ал эми 250 миң сому ат чабыш оюндарына бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мындан сырткары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көк бөрүчүлөргө 100 миң сом, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов 70 миң сом акчалай сыйлык бөлгөн.
Көк бөрү оюнуна бөлүнгөн акчалардын бардыгы толук түрдө оюнчуларга ыйгарылган.
Ал эми жеңишке жеткен командаларга тапшырылган байгенин аз болуп калышы боюнча Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрүнө жана аталган иш-чарага жооптуу адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгы көк бөрүчүлөр окуя боюнча арыз жазуудан баш тартканын билдирип, алар айтып жаткан байгенин калган бөлүгүн Көк бөрү федерациясы 2 күндүн ичинде оюнчуларга тапшырарын белгиледи.
Эске салсак, кечээ, 31-августта Ош облусунда өткөрүлгөн көк бөрү мелдешинде биринчи жана экинчи орунду алган "Кара-Кулжа" жана "Көлдүк" командалары алган байгелери мелдештен мурда айтылган байге суммасынан бир топ аз болуп калганына нааразычылыгын билдирип, облустук администрациянын имаратына чогулушкан.
Андагы оюнчулардын айтканына караганда, мелдештин байге фондуна 500 миң сом бөлүнгөнү айтылган. Тактап айтканда, 1-орунду алган команда 250 миң сом, 2-орунду ээлегендер 150 миң сом, ал эми 3-орунду алгандар 100 миң сом байге алышмак. Бирок мелдеш аяктаган соң 1-орунга 90 миң, 2-орунга 63 миң, ал эми 3-орунга 27 миң сом гана тапшырылган. Ошондой эле 4-орунга делген 50 миң сомдук байге берилген эмес.
Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Ош облустук администрациясы бөлгөн 170 миң сом каражаттын 100 миңи гана байге катары командаларга бөлүнүп берилген.
Ал эми Ош облусундагы Көк бөрү федерациясынын жетекчиси министрлер кабинетинен жана облустук администрациядан бөлүнгөн 170 миң сомдун 70 миңи калыстар курамына, оюндагы улакты сатып алууга жана Кубокторду алууга кеткенин билдирген.