Нарын облусунун Миң-Куш айылында жер көчкү катталды

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында жер көчкү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-августтан 1-сентябрга караган түнү жааган жамгырдан улам кыртыштын нымдалуусунун кесепетинен саат таңкы 4:00 чамаларында Миң-Куш, Ыраакы Миң-Куш унаа жолунун 3-4 чакырымында жер көчкүсү активдешкен. Натыйжасына унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүүдө. Учурда Жумгал Суу курулуш көмүр казуучу ишканасынын 1 эксковатору, 2 Хово, 1 бульдозери жолду калыбына келтирүү жумуштарын аткарууда. Жол каттамы бир тараптуу ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан