Кара-Кулжа районунда каналга 7 жаштагы бала чөгүп кетти

Кара-Кулжа районунда каналга 7 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак айылында Сары-Могол каналына 7 жаштагы К.А. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана ИИМден 5 кызматкер тартылып, куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан