Токмоктогу өрттөн сулуулук салону, ашкана, сүрөт студиясы дагы күйдү (фото)

Токмоктогу өрттөн сулуулук салону, ашкана, сүрөт студиясы күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы Советский көчөсүндөгү турмуш-тиричилик техникасын саткан дүкөндөн өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Жанында контейнерлер менен бөлүнгөн сулуулук салону, ашкана, сүрөт студиясы дагы күйгөн. Өрттүн жалпы аянты 700 чарчы метрди түзөт. Өрт өчүрүүчүлөр жанындагы банкты сактап калышты. Өрт саат 19:25 чектөөгө алынды. ӨКМ дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан