"Улуттук электр тармактары" ишканасынын директору болуп Жолдошбек Ачикеев дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 1-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырылды.
Буга чейин бул кызматты Эмил Куданалиев аркалап келген. Ал директорлор кеңешинин чечими менен кызматтан кетти.
Ачикеев "Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасынын биринчи орун басары болуп быйыл февраль айтынан тарта иштеп келген.