Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Антуан Гризманн "Барселона" клубунан "Атлетико Мадридге" өттү. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Атлетико" клубу чабуулчуну дагы бир жылга узартуу укугу менен сезондун аягына чейин ижарага алды. Келишимдин финансылык шарттары айтылган эмес. Оюнчунун маянасын төлөө милдети "Атлетикого" жүктөлгөн.
Гризманн "Барселонага" 2019-жылы кошулган. Футболчу көк гранат үчүн 102 беттеш өткөрүп, анда 35 гол киргизген. Команда менен бирге Испания кубогун утуп алды. Каталония тарапка өткөнгө чейин Гризманн "Атлетико" үчүн ойногон. Мадридде 257 беттеш өткөрүп, 133 гол киргизген.
Команданын курамында форвард Европа Лигасын, ошондой эле УЕФАнын Суперкубогун жана Испанияны утуп алган.