Бүгүн "Ак шумкарлар" Палестина курама командасына каршы ойнойт

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы "Үч улут Кубогунун" алкагында Палестина курамасына каршы ойнойт.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул оюндарда көбүрөөк жаш футболчуларга басым жасап, бир нече футболчулар улуттук курамадагы алгачкы оюндарын өткөрүү алдында турат.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.

Ал эми 7-сентябрь күнү ушул эле "Үч улут Кубогунун" алкагында "Ак шумкарлар" Бангладеш курама командасына каршы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2021-09-02 07:43:23
Саат канчада
-2
Tinatin2002
2021-09-02 13:15:48
dastan_nookat,20:30деп туратгоо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан