Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында өткөн Португалия-Ирландия беттешинде пенальти аткарганы жатып, ирландиялык футболчуну чаап жиберди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, Роналду калыс коюп берген пенальтини аткармак. Ошол учурда ирландиялык футболчу чийинде турган топту тээп жиберген. Буга ачууланган Роналду ирландиялык футболчуну чаап жиберген. Буга калыс эч кандай реакция кылган эмес.
Роналду бул пенальтини аткара алган эмес. Оюн 2:1 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады. Бул оюндагы 2 голду тең Роналду киргизди.