УКМК: Караколдогу митингдин эки катышуучусуна карата чара көрүү өзгөртүлдү
УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында Караколдогу митингдин эки катышуучусу Бекзат Усупкожоев
жана Каныбек Байгожоевдин баш аламандыкты уюштурбагандыгы аныкталып, аларга
карата чара көрүү өзгөртүлдү. Бул тууралуу 4-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча
мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
Б.Байгожоев менен Б.Усупкожоев 7-октябрда Каракол шаарына келишкен. Митингдин
уюштуруучулары акча, азык-түлүк жана алкоголдук ичимдиктерди беребиз деп сунушташкандан улам булар аталган митингге катышып калышкан. УКМКнын иликтөө кызматы тарабынан Б.Усупкожоев
менен К.Байгожоевдин Караколдогу нааразылык акцияны уюштургандыгы аныкталган
жок. Азыркы тапта эки жаранды СИЗОдо кармоо боюнча чечими жокко чыгарылды.
УКМКнын кызматкерлеринин ар тараптуу изилдөөлөрдөн кийин акцияны уюштурду деп
кармалгандардын экөөсү жашаган жеринен башка жакка чыкпоо көрсөтмөсү менен бошотулсун
деп сотко кайрылышкан. Жогорку арыздын негизинде
2013-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Б.Усупкожоев
менен К.Байгазиевди бошотту. Учурда акцияны уюштурду деп кармалгандардын ар
бирин текшерүү жүрүп жатат.