"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Д-р Гавриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жолугушууда алар Ооганстандагы акыркы окуялардан улам пайда болгон Борбор Азиядагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүштү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Текебаев Германияга элчи болуп дайындаларын, буйрук сентябрь айында чыга тургандыгын билдирген. Бул боюнча саясатчынын өзү менен байланышканыбызда, ал бул тууралуу маалыматы жок экенин айткан.