"Макгрегорго жакындап баратат". Рафаэль Физиев UFC рейтингинде дагы бир тепкич жогору көтөрүлдү

Мекендешибиз Рафаэль Физиев UFC уюмунун рейтингинде дагы бир тепкич жогору көтөрүлдү. Ал буга чейин жеңил салмактагы алдыңкы 15 мушкердин 14-сабында турса, эми 13-катарга жайгашты. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.

Эске салсак, Рафаэль Физиев 8-августта "UFC 265" турниринин алкагында америкалык Бобби Гринди жеңип, катары менен төртүнчү жеңишин камсыз кылган. Ал беттештен соң Физиевдин UFC'деги көрсөткүчү жогорулап, 9 жеңиш, 1 жеңилүү менен алдыңкы 15 мушкердин катарына кошулган.

Уюмдун жеңил салмак категориясындагы алдыңкы он бештикке кирген мушкерлердин жаңыланган рейтинги төмөнкүчө:

1. Дастин Порье (АКШ);

2. Жастин Гетжи (АКШ);

3. Бенеил Дариуш (Иран-Америка);

4. Майкл Чендлер (АКШ);

5. Ислам Махачев (Орусия);

6. Тони Фергюсон (АКШ);

7. Рафаэл Дос Аньос (Бразилия);

8. Дэн Хукер (Жаңы Зеландия);

9. Конор Макгрегор (Ирландия);

10. Грегор Гиллеспи (АКШ);

11. Диего Феррейра (Бразилия);

12. Бред Ридделл (Жаңы Зеландия);

13. Рафаэль Физиев (Кыргыз өлкөсү);

14. Арман Царукян (Орусия);

15. Тиаго Мойзес (Бразилия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан