Интернет айдыңында жаш балбан кыздын күрөшү талкууга алынып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда. Анда жаш балбан кыз күрөштө атаандашы болгон эркек балага эч кандай мүмкүнчүлүк бербей жеңип алган.
Бул видео социалдык тармактарга желдей тарады. Өз кезегинде "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова балбан кызга багыт көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм. Качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган. Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?
Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам.
Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим. Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын", - деп жазды Тыныбекова.