АКШда 69 жаштагы сүрөтчү Ричард Делбриж дээрлик толугу менен ар кандай таштандылардан турган имарат курган. Ал үйдү 40 жыл бою таштанды чогултуп курганын айткан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, таштандылардан мозаика жана фигуралар менен кооздолгон өзгөчө имарат Оклахома штатында жайгашкан. Ондогон жылдар бою Ричард туристтер таштап кеткен таштандыларды жана жол боюна ыргытылган ар кандай майда нерселерди чогултуп келген. Турак жай куруу идеясына 1970-жылдары кызыгуусу артып, Нью-Мексикодогу америкалыктардын сынык материалдардан курулган үйлөрүнөн шыктанганын айтат.
"Мен биринчи жайды миңдеген алюминий банкаларды жана кыштарды чогултуу менен өткөрдүм. Ташталган оюнчуктар абдан аянычтуу көрүнгөндүктөн, аларды үй курууга колдондум", - деген сүрөтчү Ричард.
Ошондой эле үйдүн 75 пайызы таштандыдан турарын кошумчалаган.
Имарат үч кабаттан турат. Ашкана, уктоочу бөлмө, эки жуунуучу бөлмө, күнөскана жана даараткананы камтыйт. Үйгө экологиялык таза инженердик системалар орнотулган.