Швейцариялык “Julius Baer” компаниясынын иликтөөсү боюнча, Кытайдын Шанхай шаары дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылды. Мындан тышкары 2021-жылдын эң кымбат он шаарынын дээрлик тең жарымы Азия өлкөлөрүнө туура келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, рейтингде дүйнөдөгү эң кымбат шаарларга Кытайдын Шанхай, Япониянын Токио жана Гонконг шаары кирди.
“Чыгыш өлкөлөрүнүн эң кымбат болуп калганы – пандемиядан кийин экономиканын тез калыбына келиши болду. Ал эми Шанхай эң кымбат шаар аталды. Себеби шаардагы баалар алты пайызга жогорулаган. Тагыраагы бизнес класстагы авиабилеттер 82 пайызга, мейманканалардагы люкс бөлмөлөр 15 пайызга кымбаттаган", - деп жазылат маалыматта.
Уюмдун иликтөөсү мындай жыйынтыкты турак жай, транспорт жана азык-түлүктүн бааларынан сырткары, велосипед, жүгүрүү жолдору жана медициналык камсыздандырууну эске алуу менен түзгөн.
Аталган үч шаардан тышкары алдыңкы ондукка төмөнкү шаарлар кирген: