Бүгүн, 2-сентябрда экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында президенттин "Менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо" жарлыгынын аткарылышы жана башка маселелер жөнүндө сөз болууда.
"Баткен облусунда кен байлыктар көп. Облус жетекчиликтерине бизнес долбоорлорду бердик. Алар жергиликтүү адистер менен карап чыгышат. Лейлек районунда айнек чыгара турган, бөтөлкө чыгара турган ишкананы ачышыбыз керек. Ал жакта таза кум бар. Алардын технологиясы оор деле эмес. Ошол боюнча чоң иштерди алып барып жатабыз.
Учурда 52 долбоор бар. Алардын ичинен жыл аягына чейин бирөөнү болсо дагы ишке киргизүү зарыл", - деди Абдураимов.