Атактуу футболчу Криштиану Роналду дүйнөлүк рекордду жаңыртты

Атактуу футболчу Криштиану Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдор боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-сентябрда 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында Португалия курамасы Ирландияга каршы оюн өткөргөн. Ал беттеште Криштиану Роналду 2 гол киргизип (карьерасындагы 110 жана 111-голдору), Португалия 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Муну менен Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдордун саны боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Ал Португалиянын курамында 180 оюн өткөрүп, 111 гол киргизүүгө жетишкен.

Ал эми мурдагы рекорд 2007-жылы карьерасын жыйынтыктаган ирандык футболчу Али Даеиге таандык болгон. Ал Ирандын улуттук курамасы үчүн 109 гол киргизген.

Бул рейтингде аргентиналык футболчу Лионель Месси 79 голу менен 9-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-02 13:27:54
Р.анальдоисттерге той экенда бүгүн))).
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан