Нигериядагы мектепке куралчан адамдар кол салып, жүздөн ашык окуучуну уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, куралчан адамдар Нигериянын түндүк-батышындагы Замфара штатындагы мектептен 100дөн ашык баланы жана бир нече мугалимди барымтага алышкан.
"Күбөлөрдүн айтымында, куралчандар билим берүү мекемесине сабак учурунда кол салышкан. Замфара штатынын губернатору Белло Матавалле аймактагы бардык башталгыч жана орто мектептерди убактылуу жабууга буйрук бергени кабарланган. Штаттын 13 районунда коменданттык саат жана түнкү кыймылга чектөө киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Нигериянын Тегина шаарында жашы жете элек 200 бала уурдалганы кабарланган. Согушкерлер балдарды дайыма кул катары уурдап кетишет. Июль айынын башында эле Нигериянын түндүк-батышындагы Кадуна штатындагы интернатка куралчан топ кол салып, 140 окуучуну уурдап кетишкен. Жыл башынан бери жалпысынан 1000ден ашуун бала уурдалган.