Түркияда токой өрттөрү дагы деле уланууда

Түркиянын Чанаккале провинциясында токой өрттөрү уланууда. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматта жазылгандай, өрттү чектөө боюнча иштер жер жана аба каражаттарынын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Өрттү өчүрүүгө бир учак, алты тик учак жана 31 өрт өчүрүүчү техника тартылган.

Буга чейин июль айынын аягында Түркияда токой өрттөрү катталган. Алгачкы токой өртү Манавгат аймагында 28-июлда орун алган. Анда 10 күн аралыгында өрттүн 21 очогу катталган. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгондугу маалымдалган. Ал эми 1-августта Бодрум, Адана, Кайсери, Мерсин аймагында да токой өрттөрү катталган. Натыйжада Бодрумдагы бир канча мейманканадагы коноктор эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан