Бишкек шаарындагы Свердлов районунда жайгашкан Муса Жалил көчөсүндөгү жалпы аянты 50 чарчы метр сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-сентябрда өрттү өчүрүүгө бир бөлүмү тартылган. Өрт саат 16:36да чектөөгө алынып, саат 17:11де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 1977-жылы туулган жаран сол колунан 1-даражадагы күйүк алган.
Ал эми 2000-жылы жана 2004-жылы туулган эки жаран түтүнгө ууланып, жеринде медициналык жардам алышкан.
Учурда абалдары жакшы. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.