Бишкек троллейбус башкармалыгы жүрүп бара жатып түтөп кеткен троллейбус боюнча билдирүү таратты

Бишкек троллейбус башкармалыгы каттам убагында түтөп кеткен троллейбус боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эртең мененки саат 09:15те Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда троллейбусту электр зымы менен контактордун арасындагы байланыш жетишсиз болгондуктан тормоз контактору түтөп кеткен. Бул нерсе айрым бөлүктөрдүн эскилиги жеткенинен улам болушу мүмкүн.

"Түтүн айдоочунун кабинасынан чыккан. Ал эми айдоочу Байзакеев Н.Ш кабинадан чыгып, чоң өрттүн пайда болуусунун алдын алуу үчүн контактор электр зымынан ажыратууга үлгүргөн", - деп жазылат билдирүүдө.

Бактыга жараша, троллейбустагы жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Ал эми троллейбус оңдоп-түзөөдөн өткөрүүчү жайга жеткирилген.

Эске салсак, бүгүн түшкө жакын борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде троллейбус өрттөнүп жатат деген маалымат тараган.

Троллейбустан өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан