Бишкекте 26 жаштагы жаран 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
28-август күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 27-август күнү А. аттуу эркек киши болжол менен саат 23:00 чамасында Алтын-Ордо жаңы конушунда унаанын ичинде күч колдонуп 2003-жылы туулган кызды зордуктаганы жазылган. Андан соң кызды үйгө таштап, белгисиз тарапка из жашырганы айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1995-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот анын баш коргоо чарасын карап чыгып, СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.