"Көргөн кыздар ыйлап...". Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын сүрөттөрү кайрадан талкууда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын социалдык тармактарда жарыяланган жаңы сүрөт, видеолору коомчулуктун кызуу талкуу чордонуна түштү.

Сүрөт Ким Чен Ындын Жаштар күнүндө студенттер жана мектеп окуучулары менен болгон жолугушуусунда тартылган. Андан өлкө лидеринин бир топ арыктап кеткендигин жана кийинүү стилин өзгөрткөнүн байкасак болот.

“Пхеньянда Жаштар күнүн майрамдоодо өлкө башчысы окуучуларга кол булгалап, аларга жылмайды. Ал эми аны көргөн кыздар ыйлап, балдар суктануу менен кол чаап жатышты”, - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Түштүк Кореянын массалык маалымдоо каражаттарында Ким Чен Ындын акыркы жолу эл алдына чыккандан бери арыктап кеткени айтылып, абалы көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан. Бирок анын эмнеден улам арыктаганы али белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina90
2021-09-02 16:38:55
Арыктап кеткенине ыйлашыппы,эмнеге ыйлашат
0
Nursul
2021-09-02 19:10:50
Gulina90, булар көргөндө деле ыйлай беришет, ыйлашып тосуп алышпаса жеңил жаза алышат ошон үчүн көргөндө коркуп деле ыйлай беришет деп окугам бир макаладан.
+12
suban78
2021-09-02 17:01:01
Бул суйунучтун коз жашы гоо. Тынчышына аз калыптыр деп суйунуп жатышат да...
+3
ЛИМОН
2021-09-03 09:58:27
Өзү жапжаш, арыктасын да. Анын эмнеси бар экен.
0
mariolan
2021-09-03 13:55:47
шымыңдан айланып кетейин томпошка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан