Биз социалдык тармакта

Азамат Исраилов: "Айрым айдоочулар жол эрежелеринин белгилерин ажырата албайт"

Айрым маршруттук таксилердин айдоочулары жол эрежелеринин белгилерин ажырата албайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов "Жол коопсуздугу" боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.

"Акыркы жылдары жол кырсыгынын 3 жарым пайызы маршруттук каттамдардын катышуусунда болгон. Биз мындай айдоочулар кайдан айдоочулук күбөлүктү алып жатканын анализдеп жатабыз. Ошондой эле айдоочуларды окуу системасын өзгөртүп, биз аларга башкача системада жол коопсуздугун үйрөтүшүбүз керек.

Мамлекеттик органдар даярдыкты өзүнөн башташ керек, анткени кырсыктардын 95 пайызы адам факторуна байланыштуу, башкача айтканда жол эрежелерин билбөө, аларга көңүл бурбоо жана жолдордо жүрүм-турум маданиятынын төмөндүгүнөн", - деп билдирет Исраилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-09-02 16:26:24
Ошолорго праваны берген силер да
0
Jacob.
2021-09-02 17:03:19
Asmat84, орусияда 2-3 жыл иштеп келип 3 ай окуугандын ордуна 1 жумада акчасына права бутуруп берчу тааныш издеген озубуз да кайра эле.. пдд ны уруп ойнобой анылдатып айдаган озубуз, гаи тоссо мамлекетке толобой чонтогуно акча салган озубуз…
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан