Орусияда мектеп окуучусу президент Владимир Путиндин катасын оңдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Владимир Путин Владивосток шаарындагы "Океан" балдар борборунда окуучулардын ачык сабагына катышып, алар менен баарлашкан. Ачык сабакты Орусиянын телеканалдарынын бири түз алып көрсөткөн.
Маектешүү учурунда президент окуучуларга 18-кылымдын башында Петр I Швецияга каршы жүргүзгөн согуш туурасында айтып берип жатып, ал салгылашты "Жети жылдык согуш" деп атаган.
Ошол учурда окуучулардын бири колун көтөрүп сөз сураган жана президенттин согуштун аталышын жаңылыш айтканын билдирген.
"Негизи бул "Жети жылдык согуш" деп аталган эмес. Бул кадимки "Түндүк салгылашы". Ал 1700-жылдан 1721-жылга чейин созулган", - деп айткан окуучу.
Ал эми өлкө башчысы буга "Ооба, албетте бул "Түндүк согушу". Түзөтүү үчүн чоң рахмат", - деп жооп берген.
Интернет колдонуучуларынын көбү баланын тайманбастыгына баа берип, мактоого алышкан. Ал эми айрымдар бул көрүнүштү баланын бой көтөрүүчүлүгү катары баалап, беделдүү адамдарга орду менен мамиле кылыныш керектигин айтышууда.