Ош шаарында телефон уурдаганга шектелип 3 жаран кармалды

Ош шаарында телефон уурдаганга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Ош шаарынын 1995-жылы туулган жашоочусу 16-июль күнү арыз менен кайрылган.

Арызда аны Ош шаарынын Ленин көчөсүндө түн ичинде бара жатканда белгисиз үч жигит коркутуп, Айфон үлгүсүндөгү телефонун алып койгондугун билдирген. Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү үч жарандын аты-жөнү аныкталып, издөө иштери башталган.

Натыйжада 31-август күнү 1997-жылы туулган Ж.А., 1994-жылы туулган А.уулу А., жана 1998-жылы туулган А.у.М. Кара-Кулжа районунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 2-сентябрда алардын баш коргоо чарасы каралат.

Тоноо фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. Учурда бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу тоноо иштеринде катыштыгы бар же жок экендиги иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Miraida-toktosunova
2021-09-03 16:08:37
Тоногондорго 10жыл эркинен ажыратылсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан